30.06.2025
Кароолор: (18)
Түп районунун акими дайындалды

2025-жылдын 30-июнь күнү Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен Түп райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким болуп дайындалган Тимур Мадяровду, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Жетигенов Түп районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине, мекеме-ишканалардын өкүлдөрүнө жана коомчулуктун активдүү мүчөлөрүнө тааныштырды.
Бакытбек Жетигенов өз сөзүндө жаңы акимдин мамлекеттик кызматтагы тажрыйбасына токтолуп, анын райондун өнүгүшүнө кошо турган салымына ишеним арта турганын белгиледи. Ошондой эле, жергиликтүү калк менен тыгыз иш алып барып, райондук деңгээлдеги социалдык-экономикалык маселелерди чечүүдө ыкчамдыкты камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи. Жыйындын соңунда Бакытбек Жетигенов жаңы дайындалган жетекчиге ийгилик каалады.