Көрүүсү начарлар үчүн версия

26.11.2025

Кароолор: (12)

Түп районунун Балбай айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы дайындалды

Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 53-беренесине ылайык, Түп райондук мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 31-октябрындагы 54-буйругунун негизинде Бөлөков Актилек Турсунбекович Түп районунун Балбай айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы кызмат ордуна 2025-жылдын 01-ноябрынан баштап дайындалды. 2025-жылдын 01-ноябрында Түп райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Тимур Мысырович Мадяров Бөлөков Актилек Турсунбековичти Балбай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн эмгек жамааты менен тааныштырып, иштерине ийгиликтерди жана алдыдагы жетишкендиктери каалады.