Көрүүсү начарлар үчүн версия

07.07.2025

Кароолор: (2)

Түп районунун прокуратурасынын жаңы курулуп баштаган административдик имараты

2025-жылдын 7-июлунда Ыссык-Көл облусуна караштуу Түп районунун прокуратурасынын жаңы курулуп баштаган административдик имаратынын курулушуна мезгил кутучасын салуу аземи бөлүп өттү.

Аталган аземге Ыссык-Көл облусунун прокурору Э.К. Каримов, Түп райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акимдин биринчи орун басары Р.Д. Сарымсаков, Түп районунун прокуратура кызматкерлери жана жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери катышты.

Иш-чарада Ыссык-Көл облусунун прокурору Эмир Каримов сөз сүйлөп, анда өлкө башчысы жана Башкы прокурор тарабынан прокуратура органдарына колдоо көрсөтүлүп, облустун аймагындагы эскилиги жеткен прокуратура органдарынын имараттарын жаңылоо жана куруу иштерине бюджеттен акча каражаттары бөлүнүп иштер жүрүп жаткандыгын, анын ичинде Түп районунун прокуратурасына дагы жаңы адиминистративдик имаратты куруу иштери башталганын, бул имарат заманбап талаптарга жооп берген, жарандар үчүн ыңгайлуу, технологиялык жана функционалдуу шарттар менен камсыз болоорун белгиледи. Ошондой эле, бул курулуш укуктук мыйзамдуулуктун негизин чыңдоо боюнча ырааттуу кадам жана келечек муундар үчүн кызмат кыла турган, мамлекеттик органдардын ишенимдүү символу болооруна жана бул имаратта адилеттүү, кесипкөй, элибиздин ишенимин актай турган кызматкерлер иштээрине терең ишенээрин, бул тарыхый учур эстелик катары түбөлүккө калтырылып жатканын көрсөттү.

Түп районунун прокуратурасынын заманбап жаӊы имараты Түп айылынын Элебаев көчөсү 56 дарегинде жайгашкан. Райондун прокуратурасына бөлүнүп берилген жердин жалпы аянты 1800 чарчы метр жерди ээлейт. Эки кабаттан турган имараттын жалпы аянты 310 чарчы метрди түзүп, 8 кызматтык бөлмөдөн турат жана жарандар үчүн бардык шарттар түзүлүп, заманбап жабдуулар менен камсыздалат.