06.10.2023
Кароолор: (50)
Түптөгү узак жашоочулар. Алардын эң улуусу 108 жашта

Ысык-Көл облусунун Түп районунда карыларды куттукташты.
Акимдин орун басары Э.Дюшобаева райондогу 95 жаштан жогорку карыяларды зыярат кылды. Аларга 10 миң сом жана белектер берилди.
Түп районунда 100 жаштан ашкан 8 аял жашайт. - Рысдөөлөтова Дария, Көөчү айылы, 108 жашта; - Канымжан Дыйканбаева, Жылуу-Булак айылы, 107 жашта; - Жоошкан Чокчоева, Жылуу-Булак айылы, 105 жашта; - Айша Орозобекова, Түп айылы, 102 жашта; - Жоошкан Садабаева, Токтоян айылы, 102 жашта; - Тынчылык Жазыкбекова, Балбай айылы, 101 жашта; - Тыным Молдосанова, Кичи-Өнүктү айылы, 100 жыл; - Бурмаш Жумабаева, Жылуу-Булак айылы, 100 жашта.
Балбай айыл өкмөтү тарабынан жүз жашка чыккандарга карата майрамдык дасторкон жайылып, белектер даярдалды. Иш-чара ошондой эле концерттик программа менен коштолду.