25.12.2024
Кароолор: (28)
Волейбол оюну боюнча турнир

2024-жылдын 14-декабрында Түп айылындагы А.Кайкин атындагы жалпы билим берүү мектебинде Түп райондук Ооган согушунун “Самагат” ардагерлер кеңеши тарабынан уюштурулган Ооган согушунда жана тынчтык убакта каза болгон мекендештерибиздин жаркын элесине арналган волейбол оюну боюнча турнир өткөрүлдү. Аталган турнирде Кыргыз Республикасынын ГИМНи жаңырып, Балыкчы, Каракол шаарларынын, Тоң, Жети-Өгүз, Ак-Суу, Ысык-Көл жана Түп райондорунун командалары катышып, Түп райондук мамлекеттик администарция башчысы-аким К.Адиев өз сөзүндө Ооган согушунун ардагерлерине ден соолук, бакубат турмуш, күч-кубат каалап, ыраазычылык баракчаларын тапшырды. Турнирге келген Түп районунун ардагерлер кеңешинин төрагасы М.Баркалбасов, Түп райондук аскер комиссариатынын комиссары Н.Сагындыков, облустук Ооган ардагерлер кеңешинин төрагасы А.Сыдыков, Түп райондук Ооган согушунун “Самагат” ардагерлер кеңешинин төрагасы Э.Черикбаев өз сөздөрүндө командаларга ден-соолук, үй бүлөлүк бакубат турмуш, жерибиздеги тынчтыкты жана күчтүү командалардын жеңишин каалашты. Ооган согушунда жана тынчтык убакта каза болгон мекендештерибиздин жаркын элесине багыштап куран окулуп, алардын эрдиги эскерилди.