Көрүүсү начарлар үчүн версия

26.11.2025

Кароолор: (10)

ыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук дем, дүйнөлүк бийиктик, уңгу жол» жарлыгы

Түп районунда Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук дем, дүйнөлүк бийиктик, уңгу жол» жарлыгынын маани-маңызы, анын максаттары жана алдыдагы милдеттери боюнча иш-чара Түп райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында жана Балбай айыл аймагынын Күрмөнтү айылындагы Т. Алтыбасарова атындагы маданият үйүндө өткөрүлдү. Иш-чара Манас айтуудан башталып, ага Түп райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары Бекбосун Абдылдабеков Арыкбаев, академик, филология илимдеринин доктору, профессор Сыртбай Жолдошевич Мусаев, филология илимдеринин доктору, профессор Абдыкалык Токтогулович Дунканаев, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, тарых илимдеринин доктору, профессор Асан Сулайманович Ормушев, тарых илимдеринин кандидаты Адыл Күлжигитович Каниметов катышты. Бул жолугушууда жарлыктын өзөктүү багыттары тууралуу кеңири маалымат берилип, катышуучулар өлкөнүн өнүгүүсүндө ар бир жаранды бирдиктүү аракеттерге чакыруу маанилүүлүгүн белгилешти. Иш-чара соңунда аймактарда бул багыттагы иштерди күчөтүү боюнча бир катар сунуштар айтылды.