Көрүүсү начарлар үчүн версия

02.04.2024

Кароолор: (55)

Ысык-Кол айыл аймагындагы жаштар жана ардагерлер арасында кыргыздын улуттук оюну Көк-бөрү "Жер улак" боюнча облустук мелдеши

2024-жылдын 30-мартында Ысык-Көл айыл аймагына караштуу Сары-Булуң айылында Дүйнө чемпионатынын күмүш медалынын ээси, Азиянын чемпиону, Кыргыз Республикасынын Эл аралык класстагы спорт чебери Рыспаев Дастандын  элден бата алуу максатында, Ысык-Көл облусунун жаштар жана ардагерлер арасында кыргыздын улуттук оюну Көк-бөрү "Жер улак"  боюнча облустук мелдеши өттү. Аталган мелдешке 14 ардагерлер, 55 жаштар командалары катышышты. Ысык-Көл облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгы тарабынан катышкан командаларга кубок, медал, дипломдор тапшырылды. Талды-Суу коомунун төрагасы К. Шабданбаев тарабынан байгелер каржыланды. Мелдеште ардагерлер командасынан; 1-орунду Кара-Ой
2-орунду Каркыра
3-орунду Маман командалары багындырды.