04.07.2025
Кароолор: (5)
Жаратылышыбызга кайдыгер карабайлы!

2025-жылдын 03-июлундагы Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Б. Жетигенов жанаТүп райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Т. Мадяровдун Ысык-Көл айыл аймагына болгон атайын иш сапарында айыл тургундары менен жолугушуп, берилген тапшырмаларына ылайык, айыл аймактарда жай мезгилинде эс алуучуларды кабыл алууга приоритеттүү саналгандыктан, көл жээгиндеги боз үйлөр, пансионаттар текшерүүдөн өкөүлүп, талаптагыдай кызмат көрсөтүү жана көл жээгине 100 метр аралыкка чейин жайгашкан эс алуучу жайларды, автоунааларды ирээтке келтирүү боюнча 2025-жылдын 4-июлунда РИИБ, ӨКМ, Экология жана тийиштүү айыл аймактардын кызматкерлери менен биргеликте көл жээктеринде, пансионаттарда жана пляждардын жээктеринде түшундүрүү жана мыйзамсыз аракеттерге чара колдонуу иш-чаралары жүргүзүлдү.
ЭСКЕРТҮҮ: Кыргыздын бермети болгон Ысык-Көлүбүздү жана бейиштей болгон жаратылышыбызды сактоо, ар бирибиздин улуттук милдетибиз!!!
Мыйзам бузуулар катталган учурда тартиптик чаралар колдонулаарын эскертебиз!