Көрүүсү начарлар үчүн версия

13.04.2026

Кароолор: (5)

«Жашыл мурас – жашыл келечек»

2026-жылдын 12-апрелинде Балбай айыл аймагынын Кутургу айылында «Ысык-Көл айланма жолунун Корумду–Балбай участогун реконструкциялоо» долбоорунун алкагында бак отургузуу боюнча экологиялык акция өткөрүлдү. Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун «Жашыл мурас – жашыл келечек» демилгесин колдоо максатында уюштурулду. 

Акциянын алкагында пландалган 50 гектар жер аянтынын 20 гектарына 14 500 көчөт отургузулду. Отургузулган көчөттөрдү мал-жандан коргоо максатында айланасы толугу менен тосулду. 

Аталган акциянын негизги максаты – токой фондун көбөйтүү, климаттык өзгөрүүлөрдүн терс таасирин азайтуу жана келечек муундар үчүн экологиялык жактан таза айлана-чөйрөнү камсыз кылуу болуп саналат.