Көрүүсү начарлар үчүн версия

26.09.2024

Кароолор: (19)

Жол кырсыктарын алдын алуу максатында жүргүзүлүп жаткан профилактикалык иш –чаралар

Түп районунун аймагында жол коопсуздугун жогорулатуу жана мал катышкан жол кырсыктарын алдын алуу максатында профилактикалык рейд иш -чаралары жүргүзүлүүдө. Иш-чара Түп РИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн инспекторлору, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлдөрү жана элдик кошуундар тарабынан уюштурулду. Рейддин негизги максаты-мал ээлерине аны кармоо эрежелерин сактоо жана жаныбарлардын жолго чыгуусуна жол бербөө зарылдыгын эскертүү. Рейддин катышуучулары калкка жаныбарлардын катышуусундагы жол кырсыктарынын кесепеттери жөнүндө маалымат беришет.

"Жол коопсуздугу-бул жалпы милдет. Биз бардык мал ээлерин кайгылуу окуялардын алдын алуу үчүн белгиленген эрежелерди сактоого чакырабыз", — деп белгиледи Түп РИИБдин башчысы, милициянын подполковниги Тилек Канатбеков.