Көрүүсү начарлар үчүн версия

Вакансиялар

Экономика, регионду өнүктүрүү, инвестициялар, туризм, реалдуу секторунун адиси

Жарыяланган датасы:

14.07.2025

Акыркы күн  18.07.2025

Квалификациялык талаптар  

(Экономика, регионду өнүктүрүү, инвестициялар, туризм жана реалдуу 

секторунун адиси)

 

Кенже  кызмат ордунун кадрлар резервине төмөндөгү типтүү квалификациялык талаптар белгиленет:

1) кесиптик билимдин деңгээли: тийиштүү багыттагы жогорку билим (физика-математика илимдери жана фундаменталдык информатика, табият таануу, гуманитардык илимдер, экономика жана башкаруу, айыл чарба жана айыл чарба илимдери, тейлөө сферасы, автоматаштыруу жана башкаруу, архитектура жана курулуш, эсептөө техникасы жана инновациялык технологиялар)

2. Иш стажы жана тажрыйбасы:

- иш стажына талап коюлбайт.

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

- төмөнкүлөрдү билүү: 

Жалпы мыйзам актылары:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле: Кыргыз Республикасынын Жер кодекси, Кыргыз Республикасынын “Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын “Айлана чөйрөнү коргоо жөнүндө” Мыйзамдарын билүүсү зарыл. 

Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана / же расмий тилдерди билүү;

билгичтиги:

- маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

- аналитикалык документтерди даярдоо;

- тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

- кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

- иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

- эмгектин жаңы шарттарына көнүү.

көндүмдөрү:

- ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

- ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

- башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;

-компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктыларды колдоно билүү.

 

Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:

-формага ылайык кадрларды эсепке алуу боюнча жеке баракча сүрөтү тиркелген;

– өзүнүн арызы;

–резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

–нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү;

– паспорттун көчүрмөсү.

Сынакка катышуу үчүн баардык каалоочуларга жогоруда көрсөтүлгөн документтерди  көктөмөгө көктөп, сайтка жарыяланган күндөн  2025-жылдын  14-июлунан тартып  2025-жылдын 18-июлуна    саат 17:00 го  чейин  төмөнкү дарек боюнча тапшыруу керек:

Түп айылы, Боромбай  көчөсү, 53. 

тел. 2-43-85, 0701123178, 0703446652

  Кароолор (13)