Вакансиялар
Кадрлар резервине киргизүү үчүн улук административдик мамлекеттик кызмат ордуна ачык сынак жарыялайт
Жарыяланган датасы:
26.01.2024

Акыркы күн 05.02.2024
Квалификациялык талаптар soc-bolum-sektor-bashchy_29582.docx
Социалдык өнүктүрүү, саламаттык сактоо, билим берүү, маданият, дене-тарбия, спорт, жаштар саясаты ж.б. маселелери боюнча сектор башчысы
1) кесиптик билимдин деңгээли:
-тийиштүү багыттагы жогорку билим (физика-математика илимдери жана фундаменталдык информатика, табият таануу, гуманитардык илимдер, социалдык илимдер, педагогикалык билим берүү, тейлөө сферасы, автоматаштыруу жана башкаруу, эсептөө техникасы жана инновациялык технологиялар).
2) иш стажы жана тажрыйбасы:
- жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:
– өзүнүн арызы;
– резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
– паспорттун көчүрмөсү.
Сынака катышуу үчүн бардык каалоочуларга жогоруда көрсөтүлгөн иш кагаздарын көктөмөгө көктөп, жарыяланган күндөн баштап 10 календарлык күнгө чейин төмөнкү дарек боюнча тапшыруу керек:
Түп айылы, Боромбай көчөсү, 53.
Кошумча маалыматты Түп райондук мамлекеттик администрациясынан алса болот тел. 0703702713