Көрүүсү начарлар үчүн версия

Вакансиялар

Кадрлар резервине киргизүү үчүн улук, кенже административдик мамлекеттик кызматынын орундарына ачык сынак жарыялайт

Жарыяланган датасы:

29.04.2025

Акыркы күн  30.05.2025

Квалификациялык талаптар  ekonomika-bashky-adis_38612.docx

Түп райондук мамлекеттик администрациясы  кадрлар резервине киргизүү үчүн  улук административдик мамлекеттик  кызматынын орундарына  ачык сынак жарыялайт:

 

Экономика, регионду өнүктүрүү, инвестициялар, туризм, реалдуу  секторунун башкы адиси

 

улук  кызмат ордунун кадрлар резервине төмөндөгү типтүү квалификациялык талаптар белгиленет:

1) кесиптик билимдин деңгээли: тийиштүү багыттагы жогорку билим (табият таануу, гуманитардык илимдер, экономика жана башкаруу, айыл чарба жана айыл чарба илимдери, тейлөө сферасы, автоматаштыруу жана башкаруу, архитектура жана курулуш, эсептөө техникасы жана инновациялык технологиялар )

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

- жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

- төмөнкүлөрдү билүү: 

Жалпы мыйзам актылары:

1. Кыргыз Республикасынын Конституциясын;

2. Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамын;

3. Кыргыз Республикасынын   “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамын;

4. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамын;

5. Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамын; 

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-марттындагы № 120 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама». 

          Ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле: Кыргыз Республикасынын Жер кодекси, Кыргыз Республикасынын “Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын “Айлана чөйрөнү коргоо жөнүндө” Мыйзамдарын билүүсү зарыл. 

- кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү; 

 

Уюштуруу иштери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүү, укуктук тартип жана кадр маселелери боюнча жетектөөчү адис 

 

кенже  кызмат ордунун кадрлар резервине төмөндөгү типтүү квалификациялык талаптар белгиленет:

1) кесиптик билимдин деңгээли: тийиштүү багыттагы жогорку билим (физика-математика илимдери жана фундаменталдык информатика, табият таануу, гуманитардык илимдер, социалдык илимдер, педагогикалык билим берүү, экономика жана башкаруу, айыл чарба жана айыл чарба илимдери,  тейлөө сферасы, автоматаштыруу жана башкаруу, эсептөө техникасы жана инновациялык технологиялар)

         2) иш стажы жана тажрыйбасы:

- иш стажына талап коюлбайт.

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

- төмөнкүлөрдү билүү: 

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле  тиешелүү чөйрөдөгү  мыйзамдарды: 

Кыргыз Республикасынын  "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" 

  Мыйзамын,  Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”;

  Кыргыз Республикасынын  “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамдарын билүүсү зарыл. 

-   Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана / же расмий тилдерди билүү;

Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:

-формага ылайык кадрларды эсепке алуу боюнча жеке баракча сүрөтү тиркелген;

– өзүнүн арызы;

–резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

–нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү;

– паспорттун көчүрмөсү.

Сынака катышуу үчүн бардык каалоочуларга жогоруда көрсөтүлгөн иш кагаздарын көктөмөгө көктөп, 2025-жылдын  29-апрелинен  тартып, 2025-жылдын 30-майына,  саат 17:00 го  чейин төмөнкү дарек боюнча тапшыруу керек:

Түп айылы, Боромбай  көчөсү, 53. 

тел. 2-43-85, 0701123178, 0703446652

  Кароолор (21)