Вакансиялар
Түп райондук мамлекеттик администрациясы кадрлар резервине киргизүү үчүн административдик мамлекеттик кызмат ордуна ачык сынак жарыялайт
Жарыяланган датасы:
08.01.2024

Акыркы күн 17.01.2024
Квалификациялык талаптар yurist_54912.docx
Түп райондук мамлекеттик администрациясы кадрлар резервине киргизүү үчүн административдик мамлекеттик кызмат ордуна ачык сынак жарыялайт
(юрист)
Кесиптик билимдин деңгээли:
Гуманитардык тийиштүү багыттагы жогорку билим юриспруденция.
Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:
– өзүнүн арызы;
– резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
– илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
– паспорттун көчүрмөсү.
Сынака катышуу үчүн бардык каалоочуларга жогоруда көрсөтүлгөн иш кагаздарын көктөмөгө көктөп, жарыяга чыккан күндөн баштап 10 календарлык күнгө чейин төмөнкү дарек боюнча тапшыруу керек:
Түп айылы, Боромбай көчөсү, 53.
Кошумча маалыматты Түп райондук мамлекеттик администрациясынан алса болот тел.2-43-85, 0703702713