Көрүүсү начарлар үчүн версия

Вакансиялар

Түп райондук мамлекеттик администрациясы кадрлар резервине киргизүү үчүн административдик мамлекеттик кызматынын ордуна ачык сынак жарыялайт:

Жарыяланган датасы:

14.05.2025

Акыркы күн  13.06.2025

Квалификациялык талаптар  

Аппарат жетекчиси 

Башкы  кызмат ордунун кадрлар резервине төмөндөгү типтүү квалификациялык талаптар белгиленет:

1. Кесиптик билимдин деңгээли: тийиштүү багыттагы жогорку билим (физика-математика илимдери жана фундаменталдык информатика, табият таануу, айыл чарба жана айыл чарба илимдери, гуманитардык илимдер, социалдык илимдер, педагогикалык билим берүү, экономика жана башкаруу, тейлөө сферасы, автоматаштыруу жана башкаруу, эсептөө техникасы жана инновациялык технологиялар)

2. Иш стажы жана тажрыйбасы:

- жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана / же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү тармактык багыты боюнча тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес иш стажы;

3. Кесиптик компетенттүүлүгү:

- төмөндөгүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды: Кыргыз  Республикасынын  “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө”,                           Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”,  «Мамлекеттик тил жөнүндө»Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”,  "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" , Кыргыз Республикасынын “Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө” Мыйзамын.

Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди;

Билгичтиги:

- Иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу; 

- Түзүмдүк бөлүмчөлөрдүн проблемаларын талдоо, божомолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүгө жаңы ыкмаларды киргизүү;

- Башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу;

- Кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү проблемалуу кырдаалдарды өз убагында көрө билүү жана чечүү;

- Алдыга коюлган милдеттерди чечүү максатында жаңы ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;

- Өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;

- Ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;

- Чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу;

Көндүмдөрү:

- Аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;

- Түзүмдүк бөлүмчөнү башкаруу (баш ийген кызматкерлердин ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди туура бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын өзүнө баш ийген кызматкерлерге сапаттуу жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана жүзөгө ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө);

- Маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

- Ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды тажрыйбада колдонуу;

- Натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын, кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн ыкмаларын билүү, элдин алдында сүйлөө, мамлекеттик жана расмий тилдерде ишкердик кат алышуу;

- Компьютердик жана уюштуруу техниканы, керектүү программалык продуктыларды колдоно билүү.

- Кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

- Эмгектин жаңы шарттарына көнүү;

- Ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

- Ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

- Башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;

 

Экономика, регионду өнүктүрүү, инвестициялар, туризм, реалдуу  секторунун

башчысы

 

Улук  кызмат ордунун кадрлар резервине төмөндөгү типтүү квалификациялык талаптар белгиленет:

1) кесиптик билимдин деңгээли: тийиштүү багыттагы жогорку билим (физика-математика илимдери жана фундаменталдык информатика, табият таануу, гуманитардык илимдер, экономика жана башкаруу, айыл чарба жана айыл чарба илимдери, тейлөө сферасы, автоматаштыруу жана башкаруу, архитектура жана курулуш, эсептөө техникасы жана инновациялык технологиялар)

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

- иш стажына талап коюлбайт.

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

- төмөнкүлөрдү билүү: 

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле  тиешелүү чөйрөдөгү  мыйзамдарды: «Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу жөнүндө”,  Кыргыз Республикасынын  “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамдарын   билүүсү зарыл. 

Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана / же расмий тилдерди билүү;

билгичтиги:

- маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

- аналитикалык документтерди даярдоо;

- тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

- кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

- иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

- эмгектин жаңы шарттарына көнүү.

көндүмдөрү:

- ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

- ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

- башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;

-компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктыларды колдоно билүү.

 

Экономика, регионду өнүктүрүү, инвестициялар, туризм, реалдуу  секторунун

адиси

Кенже  кызмат ордунун кадрлар резервине төмөндөгү типтүү квалификациялык талаптар белгиленет:

1) кесиптик билимдин деңгээли: тийиштүү багыттагы жогорку билим (физика-математика илимдери жана фундаменталдык информатика, табият таануу, гуманитардык илимдер, экономика жана башкаруу, айыл чарба жана айыл чарба илимдери, тейлөө сферасы, автоматаштыруу жана башкаруу, архитектура жана курулуш, эсептөө техникасы жана инновациялык технологиялар)

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

- жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана  /же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

- төмөнкүлөрдү билүү: 

Жалпы мыйзам актылары:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле: Кыргыз Республикасынын Жер кодекси, Кыргыз Республикасынын “Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын “Айлана чөйрөнү коргоо жөнүндө” Мыйзамдарын билүүсү зарыл. 

Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана / же расмий тилдерди билүү;

билгичтиги:

- маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

- аналитикалык документтерди даярдоо;

- тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

- кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

- иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

- эмгектин жаңы шарттарына көнүү.

көндүмдөрү:

- ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

- ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

- башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;

-компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктыларды колдоно билүү.

 

Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:

-формага ылайык кадрларды эсепке алуу боюнча жеке баракча сүрөтү тиркелген;

– өзүнүн арызы;

–резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

–нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү;

– паспорттун көчүрмөсү.

Сынака катышуу үчүн бардык каалоочуларга жогоруда көрсөтүлгөн иш кагаздарын көктөмөгө көктөп, 2025-жылдын  14-майынан  тартып, 2025-жылдын 13-июнуна,  саат 17:00 го  чейин төмөнкү дарек боюнча тапшыруу керек:

Түп айылы, Боромбай  көчөсү, 53. 

тел. 2-43-85, 0701123178, 0703446652

  Кароолор (16)