Вакансиялар
Түп райондук мамлекеттик администрациясы кадрлар резервине киргизүү үчүн улук административдик мамлекеттик кызматынын ордуна ачык сынак жарыялайт
Жарыяланган датасы:
01.02.2024

Акыркы күн 10.02.2024
Квалификациялык талаптар uyushturuu-bolumunun-bashky-adisi_20742.docx
кесиптик билимдин деңгээли:
-тийиштүү багыттагы жогорку билим (физика-математика илимдери жана фундаменталдык информатика, табият таануу, гуманитардык илимдер, социалдык илимдер, педагогикалык билим берүү, экономика жана башкаруу, айыл чарба жана айыл чарба илимдери, тейлөө сферасы, автоматаштыруу жана башкаруу, эсептөө техникасы жана инновациялык технологиялар).
иш стажы жана тажрыйбасы:
- жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:
-формага ылайык кадрларды эсепке алуу боюнча жеке баракча сүрөтү тиркелген;
– өзүнүн арызы;
– резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
– паспорттун көчүрмөсү.
Сынака катышуу үчүн бардык каалоочуларга жогоруда көрсөтүлгөн иш кагаздарын көктөмөгө көктөп, жарыяланган күндөн баштап 10 календарлык күнгө чейин төмөнкү дарек боюнча тапшыруу керек:
Түп айылы, Боромбай көчөсү, 53.
Кошумча маалыматты Түп райондук мамлекеттик администрациясынан алса болот тел. 2-43-85, 0703702713