Вакансиялар
Түп райондук мамлекеттик администрациясы кадрлар резервине киргизүү үчүн улук административдик мамлекеттик кызматынын ордуна ачык сынак жарыялайт
Жарыяланган датасы:
18.09.2025
Акыркы күн 29.09.2025
Экономика, регионду өнүктүрүү, инвестициялар, туризм жана реалдуу секторунун башкы адиси
улук кызмат ордунун кадрлар резервине төмөндөгү типтүү квалификациялык талаптар белгиленет:
1) кесиптик билимдин деңгээли: тийиштүү багыттагы жогорку билим (табият таануу, гуманитардык илимдер, экономика жана башкаруу, айыл чарба жана айыл чарба илимдери, тейлөө сферасы, автоматаштыруу жана башкаруу, архитектура жана курулуш, эсептөө техникасы жана инновациялык технологиялар )
2) иш стажы жана тажрыйбасы:
- жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
3) кесиптик компетенттүүлүгү:
- төмөнкүлөрдү билүү:
Жалпы мыйзам актылары:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
2. Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамын;
3. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамын;
4. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамын;
5. Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамын;
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-марттындагы № 120 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама».
7. Кыргыз Республикасынын “Электрондук башкаруу жөнүндө” Мыйзамы
Ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле: Кыргыз Республикасынын Жер кодекси, Кыргыз Республикасынын “Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын “Айлана чөйрөнү коргоо жөнүндө” Мыйзамдарын билүүсү зарыл.
Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана / же расмий тилдерди билүү;
билгичтиги:
- маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
- аналитикалык документтерди даярдоо;
- тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;
- кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
- иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
- эмгектин жаңы шарттарына көнүү.
көндүмдөрү:
- ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
- ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;
- башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;
-компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктыларды колдоно билүү.
Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:
-формага ылайык кадрларды эсепке алуу боюнча жеке баракча сүрөтү тиркелген;
– өзүнүн арызы;
–резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
–нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
– паспорттун көчүрмөсү.
Сынакка катышуу үчүн баардык каалоочуларга жогоруда көрсөтүлгөн документтерди көктөмөгө көктөп, сайтка жарыяланган күндөн 2025-жылдын 18-сентябрынан тартып 2025-жылдын 29-сентябрына саат 17:00 го чейин төмөнкү дарек боюнча тапшыруу керек:
Түп айылы, Боромбай көчөсү, 53.
тел. 2-43-85, 0701123178, 0703446652