Көрүүсү начарлар үчүн версия

Вакансиялар

Кадрлар резервине киргизүү үчүн административдик мамлекеттик кызмат ордуна ачык сынак жарыялайт

Жарыяланган датасы:

26.01.2024

Акыркы күн  05.02.2024

Квалификациялык талаптар  yurist_39972.docx

Кесиптик билимдин деңгээли:

Гуманитардык тийиштүү багыттагы жогорку билим юриспруденция. 

Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:

– өзүнүн арызы;

– резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);

– илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;

– паспорттун көчүрмөсү.

Сынака катышуу үчүн бардык каалоочуларга жогоруда көрсөтүлгөн иш кагаздарын көктөмөгө көктөп, жарыяланган күндөн баштап 10 календарлык күнгө чейин  төмөнкү дарек боюнча тапшыруу керек:

Түп айылы, Боромбай  көчөсү, 53. 

Кошумча маалыматты Түп райондук мамлекеттик администрациясынан алса болот тел.2-43-85, 0703702713 

  Кароолор (30)